Кредит кул кылуунун амалы - Қырғыз тіліндегі мақалалар - Қырғыз тіліндегі мақалалар - Діни мақалалар - Дінисламға қош келдіңіз
Сәрсенбі, 23.Мамыр.2012, 22:44
негізгі бет
· RSS
сайт мәзірі
соңғы діни мақалалар
•  Намаз адамды жалықтыра ма?
•  Ұлықбек Алиакбарұлы: "Жаңа заманға сай жаңа медианы меңгерген имам керек"
•  ОРАМАЛ ТАРТҚАН – ЕРСI, АЛ КIНДIК АШҚАН ШЕ?
•  Азия парктен жік шықты, екі құлағы тік шықты
•  Сапар айы (Сафар айы)
•  Шіркеу қазақша сөйлей бастады. Бұл нені аңғартады?
•  Фиқһ әл-ғибадат
•  Желтоқсан – жанымның жарасы
сауалнама
Имамдар жұмыстарын қаншалықты жақсы атқарады?
Жауап берілді: 800
 Діни мақалалар
Негізгі бет » Мақалалар » Қырғыз тіліндегі мақалалар » Қырғыз тіліндегі мақалалар


Кредит кул кылуунун амалы
Кредит кул кылуунун амалы
  (Бакара:275) Суткорлук (менен пайда) жеген адамдар (кыямат күнү кайра тирилгенде) Шайтан уруп жинди болгон адам сыяктуу (мүрзөлөрүнөн) турушат. Бул алардын: «соода деле суткорлук сыяктуу нерсе» деген сөздөрү үчүн (жаза!). Аллах сооданы адал, суткорлукту арам кылган. Ал эми, кимге Раббиси тарабынан (суткорлуктун арамдыгы жөнүндө) насаат-баян келсе жана ал (тооба кылып) токтосо - өткөндөгүсү өзүнө жана (келечек) иштери Аллахка тапшырылат. Жана ким (суткорлукка) кайтса - ошолор гана тозок «ээлери» жана алар анда түбөлүк калышат! 
  «Суткорлук» деп бирөөгө карыз берип, үстөгү (проценти) менен кайтарып алууга айтылат. Суткорлуктун арабчасы «рибаа». Бул сөздү кыргызчалаганда ошол эле «үстөк», «кошумча» деген маанилерди билдирет. Ал эми, «сүткор» сөзүнүн этимологиясына токтолчу болсок, бул сөз бизге перс-тажик тилиндеги «суд» (бекер) жана «хуур» (жеп алуу) деген сөздөрдүн бирикмесинен жаралган «судхуур» деген сөздөн келген. Демек суткор дегени «бирөөнүн акысын бел оорутпай, бекер жеп алуучу» дегени экен. 
Исламда сүткорлук чоң күнөөлөрдүн катарына кирген арам иш болуп саналат. Ошондуктан, «Суткорлук (менен пайда) жеген адамдар (кыямат күнү кайра тирилгенде) Шайтан уруп жинди болгон адам сыяктуу (мүрзөлөрүнөн) турушат» 
  Алар эмне, суткорлуктун арам экенин билишпеди беле? Жок, билишкен. Бирок, напси менен шайтанына жеңилип, арам ишин «соода деле сүткорлук сыяктуу нерсе» деген сөз менен жымсалдоого аракет кылышкан. Алар адамдардан уялбай Аллах Тааладан уялышпайбы! Туура, соода кылган адамдардын деле акчасына кошумчалар кошулат, башкача айтканда көбөйөт. Бирок, соодагер акчасын мандай терин агызып, мээнет кылып көбөйтүүдө. А сүткор болсо, мите курт сыяктуу, бел оорутпай, бирөөнүн мээнет-аракетинин 
ырахатын керүүдө. Мына ошондуктан «Аллах сооданы адал, сүткорлукту арам кылган» 
  «Ал эми, кимге Раббиси тарабынан (суткорлуктун арамдыгы жөнүндө) насаат-баян келсе жана ал (тооба кылып) токтосо - өткөндөгүсү өзүнө». Өткөндөгү суткорлук күнөөлөрү кечирилет жана насаат укканга чейин тапкан пайдалары кайтарып алынбайт. Эгер ушул тообасынан жазбай адал жолго түшсө, келечектеги жакшылыктарын Аллах текке кетирбейт. Ал эми, суткорлуктун зыянын билип, андан тооба кылып кайткандан кийин «ким (сүткорлукка) кайтса - ошолор гана тозок «ээлери» жана алар анда түбөлүк (калышат» 


(Бакара:276) Аллах сүткорлукту (пайдасын) жоготот жана садакаларды пайдалуу кылат. Аллах ар бир күнөөлүү каапырды сүйбөйт. 
(бул боюнча Курандын 2/278; 3/130; 4/161; 30/39 аяттарын караңыз) 
  Сырттан караганда сүткорлук (процент) пайда келтиргендей, ал эми адал кирешеден садака берүү чоң чыгашадай көрүнөт. Бирок, чындыгында абал мунун тескериси. Садака берген өнүп-өсүп, береке табат, бир жакшылыгы эгер ыклас менен болсо, жүз, жети жүз эсе көбөйүүсү мүмкүн. (2/261) 
  Ал эми, сүткорлуктан пайда табам дегендер көп максаттарына жете албайт. Бул турмуш тажрыйбалары далилдеген нерсе. 
  Аятта айтылган «күнөөлүү» күнөөсүнөн тообо кылбай улантуучу киши. Ал эми «каапыр» Аллахтын нээматтарын чанып, шүгүр келтирбегенадам. Аллах арам кылган сүткорлуктан сактануу үчүн толук, таза ыйман керек. Мындай ыйманга жетүүнүн жолу барбы? Ооба, бир нече жолу бар. Алардан экөөсү намаз менен зекет. Ошондуктан: 

(Бакара:277) Ыйман келтирип саалих (жакшы) амалдарды жасаган, намазды (бардык шарттары менен) аткарган жана зекетти берген адамдар… алар үчүн Раббилеринин алдында сооптору даяр. Жана аларга коркунуч да болбойт жана кайгы капага да батышпайт. 

(Бакара:278) Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана эгер момун болсоңор (илгери алып жүргөн) сүткорлук пайдаңардан калганын албагыла. 

(Бакара:279) Эгер андай кылбасаңар, Аллах жана анын элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула! Жана эгер тооба кылсаңар (пайда кошулбаган) акча-мүлкүңөр өзүңөргө. (Ошондо) зулум кылбайсьңар, силерге да зулум кылынбайт. 
  Бул аят менен Аллах Таала, бирөөгө процентке акча берген момун адамдарды, анын арамдыгын билген соң, процентин албай, берген акчасынын өзүн алууга буюруп жатат. Ошондо бирөөгө да зыян болбойт, өзү да зыян тартпайт. 
  А эгер, «ушунун пайдасын алып алайын, кийин токтотомун» десе, Анда ал Аллахтын душманы болот.  
  Азыркы заманда сүткорлук менен жүргүзүлгөн кредит системасы көпчүлүк адамдардын, адамдардын гана эмес бүтүндөй мамлекеттердин карызга батып, бактысыз болуп калуусуна себеп болууда. Бүт инсаниятты кул кылып алууну көздөгөн дүйнөлүк ири мамлекеттер, уюмдар жана системалар дүйнөнүн жакыр мамлекеттерин ар кандай айла амалдар менен баш аламандыкка, талап-тоноочулукка жолуктуруп, атайын даярдалган тополоң, системалар менен жашатып, андан бетер жакыр болуу жолуна түртүп, «өлбө жаным» болуп калганда, боорукер адамдай кол созуп «жардам беришет» Ал жардамдары куйругуна килейген проценттер илинген кредиттер. Бул анык эле кул кылуунун амалы. Эгер ал кубаттуу мамлекеттер чындап гумандуу болсо, проценти жок карыз бербейт беле?! Жок, эч качан андай кылбайт! 
  Бир Ислам системасы гана процент менен карыз берүүнү күнөө деп эсептейт жана катуу тыюуу салат. (Сүткорлук башка диндерде да арам деп саналганы менен ал диндер жашоону башкарган система даражасында эмес) Демек, чыныгы гумандуулук Исламда!  
  Аллах Таала сүткорлукту арам кылган соң процентсиз, адал жол менен карыз берүү жана алуунун эрежелерин баяндайт. 
(Баккара:280) Эгер (карыз алуучу) начар (оор абалдагы киши) болсо, жеңилдик болгонго чейин күткүлө. Эгер (карызыңардын бардыгын же бир бөлүгүн кечип) садака кылып жиберсеңер - бул өзүңөргө жакшы, эгер билчү болсоңор. 
  Эгер дүйнө ислам системасы менен жашаса ушундай болот. Бай адамдар кембагалдарга карыз берсе, биринчиден, үстөксүз берет. Экинчиден, эгер келишилген мөөнөттө төлөй албаса, кедейдин бай болушун күтөт. үчүнчүдөн, эгер кедейге берген мүлккө анча муктаждыгы болбосо жана муктаж болсо да, акыретте көбүрөөк соопко ээ болууну кааласа, «ушул берген карызым сага садака болсун!» дейт дагы кечип жиберет. Ушундай эле мамиле уюм менен уюмдун, мамлекет менен мамлекеттин арасында да болушу мүмкүн. Мына Исламдын гумандуулугу! 
  Исламсыз коомдор берген карызын албетте кайтарып алууну, алганда да үстөгү менен алууну көздөйт. Алган тараптын кайтарууга ал-кудурети жетпестиги аны кызыктырбайт. «Кайтарсаң кайтар, кайтарбасаң – курөөгө койгон нерсеңди бер» дейт. Күрөөгө коюлган нерсе буюм болсо да, Кең байлык болсо да, жер-мекен болсо да бергенге аргасыз болосуц жана кул болуп жер чаап отуруп кала бересиң! 
  Исламсыз коомдор берген нерсесин ушул дүйнөдө кайтарып алышат. Анткени, акыретке ишенишпейт. 
  Исламда болсо, эхсан - жакшылыктар бул дүйнөдө кайтпаса, бардык элдер Аллахка кайткан күндө Аллах Таала тарабынан, толук кайтарып берилишине ыйман келтиришет.


Ақпарат көзі: http://islam.kg/?i=kredit

Категориясы: Қырғыз тіліндегі мақалалар | Ендірген: Dinislam_Kz (28.Шілде.2009) | Авторы: http://islam.kg
Көрілді: 940 | Рейтингі: 0.0/0 |


Барлық пікірлер: 0

Дінислам.Кз сайты - сайтта жарияланған мақалалар мен жаңалықтарға байланысты жазылған адамдардың көзқарасы мен ой-пікірлерінің жауапкершілігін жүктемейді.


© 2008-2012 Діни-танымдық сайт. [Абу Ханифа мазхабы бойынша]
Сайттағы мәліметтерді жариялаған кезде гиперсілтеме жасалуы тиіс
Сұхбаттағы (форум), шәйханадағы (чат) жазулар мен сайттағы білдірілген пікірлер сайт көзқарасы болып саналмайды


Создать сайт бесплатно
кіру / тіркелу
Логині:
Құпия сөз:
жарнама орныңыз
іздеу
© Расулуллаһ.Кз
Н.Төреқұлов мешіті

САНАҚ




Бүгінгі зияратшылар:

Соңғы тіркелген қолданушыға сәлем: xatab

Сайтта тіркелгендер
Барлығы: 3620
Осы ай ішінде: 12
Осы апта ішінде: 4
Кеше: 0
Бүгін: 0